Пятница, 3 мая

Президенттикке талапкерлердин жалпы саны 35ке жетти

0

Кыргызстандын президенти болууга талапкерлигин көрсөткөн жарандардын саны 35ке жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрь күнү түшкө чейин талапкерликке Анар Зарипова, Куттумидин Базаркулов жана Бакыт Романов арыз тапшырышкан. Ал эми түштөн кийин Турсунбек Жумабеков, Имамидин Ташов, Ербол Токтогулов, Карагач Исмаилова, Марат Кайыпов, Турсунбай Бакир уулу жана Курсан Асанов арыз берген.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берүү мөөнөтү эртең, 14-ноябрда, аяктайт. Бирок БШКга кайрылган жарандардын баары талапкер катары катталбай калышы мүмкүн. Себеби тийиштүү талаптар аткарылбаса тапшырган документтери кайра артка кайтарылат.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз