Пятница, 17 мая

Мамлекет башчынын милдетин аткаруу Талант Мамытовго өттү

0

Өлкө башчынын милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовго өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Садыр Жапаров элге кайрылуусунда, мындан ары президенттин милдетин баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аткараарын билдирген.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого аттанып, БШКга арызын жазды.

Мыйзам боюнча, Мамытов президенттик шайлоо өткөнгө чейин мамлекет башчынын милдетин аткарып турат. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин спикери болуп дагы иштей берет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз