Четверг, 2 мая

Кыргызстандын 4 окуу жайы Пакистандын кара тизмесинен чыгарылды

0

Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын төрт медициналык билим берүү окуу жайын кара тизмеден чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Алар:

  • Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
  • Ош мамлекеттик университети;
  • Кыргыз-Орус (Славян) университети;
  • Эл аралык жогорку медициналык мектеби.

Тизмеде бул төрт окуу жай дүйнөнүн 400дөй университетинин катарында жашыл тизмеге киргени көрүнүп турат. Бул комиссия аларды кайрадан баалоодон өткөрүп, тааныгандыгынан кабар берет.

Ошол эле учурда Кыргызстандын дагы 12 окуу жайы кара тизмеде калды. Ал тизмеде башка өлкөлөрдүн билим берүү мекемелери жок.

Эскерте кетсек, октябрь айында Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизген. Бул жагдайга Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын Медициналык кеңешинен милдеттүү экзаменден өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз