Пятница, 17 мая

Шуша шаарынын тургундары туулуп өскөн жерине кайтууну күн санап күтүүдө

0

Оккупациядан бошотулган Шуша шаарынын тургундары туулуп өскөн жерине кайтуу үчүн даярдануууда. Алар узак убакыттан бери катылуу турган үй-бүлөлүк архивден үйлөрүнүн ачкычтарын жана документтерин алып чыгууда.

Азербайжандыктар өз жерлерин кайтарып алгандыгына абдан чоң кубанычта. Алар үчүн эң чоң кубаныч бул Карабахтын бермети болгон Шуша шаарын кайтарып алуу.

Убагында Шушадан көчүп кетүүгө аргасыз калган, 28 жылдан бери Азербайжандын ар кайсы аймактарында жашап келаткан тургундар үчүн бул чыныгы майрам.

Шушалыктар өз үй-жайларына кайтып баруучу күндү чыдамсыздык менен күтүүдө.

Мындай үй-бүлөлөрдүн бирөө Бакуда жашаган Гасановдордун үй-бүлөсү. Алар биринчи Карабах согушунда Шушадан качып кетүүгө аргасыз болушкан.

Бейбала Гасанов азыркы күнгө чейин үйүнүн менчик экендигин тастыктаган документтерди сактап жүргөндүгүн айтты.

Шушалыктар чоң сүйүнүч менен документтерди жана архивдерди чыгарышып неберелерине ата-теги кайсы жактан экендигин билип жүрүүсү үчүн көрсөтүүдө.

Анадолу агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде Гасанов: “Биз өз туулуп өскөн жерибизге кайтып келишибизге ар дайым ишенип жашадык. Шуша биз үчүн баары. Эгерде мен кайтып келээрибизге ишенип жашабасам үйдүн документтерин, ачкычын сактабайт болчумун” – деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз