Суббота, 11 мая

Казакстан Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө гуманитардык жардам жөнөтөт

0

Казакстан Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө гуманитардык жардам жөнөтөт.

Гумжардам өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен берилмекчи.

Маалыматка ылайык, Казакстан өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын 400 мобилдик комплектин жана Казакстандын ишканаларынан чыккан 2 млн. бет кап бермекчи.

Билдирүүдө гуманитардык жардам боюнча мындай чечим кыргыз тараптын расмий түрдө кайрылуусунан кийин кабыл алынганы белгиленген.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолуккан. Анда тараптар COVID-19дун жайылышына каршы биргеликте аракеттерди көрүүгө өзгөчө көңүл бөлүшкөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз