Пятница, 22 ноября

Бүгүн коронавирус дагы 486 кишиден табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде 486 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле маалда 555 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 143;
  • Ош – 22;
  • Чүй облусу – 137;
  • Ош облусу – 32;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 42;
  • Жалал-Абад облусу – 49;
  • Баткен облусу – 36.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 67 469га жетти. Анын ичинен 58 315 киши айыгып, 1 207 адам көз жумган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз