Воскресенье, 19 мая

Өкмөт финансы уюмдарынан карызы бар жарандарга жеңилдик берет

0

Өкмөт финансы-насыя уюмдарынан насыя алгандарга мамлекеттен колдоо көрсөтүү тууралуу токтом кабыл алды. Ага ылайык, быйылкы жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомго чейинки суммада насыя алгандар үч айдын – быйылкы жылдын декабры жана келерки жылдын январь, февраль айлары үчүн үстөк пайызын төлөөдөн бошотулат.

Эгер ал адамдын башка да финансы-насыя уюмунан алган карызы бар болсо, ал бирөөнү гана тандашы керек болот.

Мындай жеңилдик кредиттик союздан, лизинг компаниясынан жана ломбарддан карыз алгандарга берилбейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз