Суббота, 18 мая

Мамлекет коронавирустан көз жумган 29 медиктин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берди

0

Коронавирустан көз жумган 29 медиктин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле иш учурунда илдетке кабылган 479 медицина кызматкерине 200 миң сомдук компенсация берилгенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов коронавирусту жумуш учурунда жуктуруп алган медиктерге 200 миң сомдон компенсация берилет деген буйрукка кол койгон. Мындан тышкары, оору жуктуруп алып каза болгондордун жакындарына 1 миллион сом убадаланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз