Пятница, 17 мая

Максат Мамытканов президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектейт

0

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектейт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен болгон жолугушууда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирген.

Жолугушууда Новиков өкмөт тарабынан президенттик шайлоону ачык-айкын жана азыркы мыйзамдарды бузбастан өткөрүүгө бардык күч-аракеттер көрүлөрүн белгилеп, ал үчүн республикалык штаб түзүлгөнүн жана аны вице-премьер-министр Максат Мамытканов жетектей турганын айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз