Суббота, 18 мая

Бишкекте автобус айдагандар иш таштоодо

0

Бүгүн, 17-ноябрда «Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын» айдоочулары иш таштады.

Алар аталган ишкананын директору Нурлан Койчубаковдун кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

«Ал бул кызматка келери менен автобазадагы жумуш токтоп калды. Баары артка кетти», — деди бригадир Канат Кожогелдиев.

Ошондой эле ал айлык маяналары аябай аз төлөнүп жатканын кошумчалап, автобустарга тетиктер келбей жатканын, бирок документтерге алынып келди деп жазылып жатканын белгиледи.

«Биз УКМКга, мэрияга, Жогорку Кеңешке кайрылганбыз, бирок эч кандай жыйынтык жок», — деди Кожогелдиев.

№8 автобустун айдоочусу Нурлан Мураткановдун айтымында, карантин маалында автобазанын айдоочулары коронавирус менен күрөшүүгө жардам беришкен.

«Бизге күйүүчү майды автобаза эмес, ӨКМ куюп берчү. Биздин айдоочулар «кызыл зонада» иштеген. Бир кесиптешибиз каза болуп калган», — деди ал.

Айдоочулар автобазанын жетекчилигине иш билги адамдын келишин талап кылууда. Алар Нурлан Койчубаков кызматтан алынбаса, эртең дагы иш таштай турганын айтышты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз