Пятница, 10 мая

Райымбек Матраимов мамлекетке 493,8 млн. сом төлөдү 

0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке 493,8 млн. сом которду. Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме тактагандай, мурдагы бажычы акчаны 5-ноябрдан баштап которо баштаган. Финансы министрлиги ал милдеттенме алган сумманы кайсы мөөнөткө чейин төгүп бүтөрүн укук коргоо органдары чечерин маалымдады.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупциялык иштерге аралашкан деп айыпталып, 20-октябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бирок сот Матраимовду тергөө менен кызматташууга макул болгондугу үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров Райымбек Матраимовду камакка алуу-албоо тууралуу чечим саясий мүнөздө болгонун белгилеп, аны үй камагына бошотууга өзү буйрук бергенин айткан. Жапаров экономикалык кылмыштарда айыпкерди камоодон пайда жок экенин, андан көрө чыгымды өндүрүп алуу оң болорун билдирген. Садыр Жапаров Матраимов сумманы ноябрдын соңуна чейин төлөп бүтөрүн маалымдаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз