Суббота, 27 апреля

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2021-жылдын октябрь айында өткөрүлөт

0

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү спорттун этникалык түрлөрү боюнча өткөрүлүүчү төртүнчү эл аралык мелдешке даярданууну башкача айтканда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүнү талкуулоо үчүн Истамбулда чогулушту.

2020-жылы Түркиянын Бурса провинциясынын Изник районунда өткөрүлө турган көчмөндөр оюну коронавирустун жайылуу коркунучунан улам бир жыл кийинкиге калтырылган болчу.

Координациялык комитеттин деңгээлиндеги талкуу Истамбулда Түрк Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Өмер Кожамандын төрагалык кылуусу менен Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Венгрия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясынын өкүлүнүн катышуусунда өттү.

Казакстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү жолугушууга онлайн-режимде катышты.

Жолугушууда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү 2021-жылдын октябрь айына бекитилди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну буга чейин үч жолу Кыргызстанда өткөрүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз