Пятница, 26 апреля

Мунапыс менен кимдер бошотулган?

0

Ырайым кылуу чечими жеңил кылмыштарды кылган жарандарга гана тиешелүү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Эске салсак, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан учурда абакта жаткан 230 адамга ырайым кылып, эркиндикке чыгарган.  Ал эми 38 соттолуучунун мөөнөтү кыскартылды.

Жалпысынан ЖАМК президентке караштуу Мунапыс маселелери боюнча катчылыкка 1800дөн ашуун адамга мунапыс берүү тууралуу өтүнүч жөнөткөн. Азыркы тапта аларды кароо уланууда.

“Боштондукка чыккандардын баары мурда жеңил кылмыш кылгандар. Арасында жашы жете элек балдар, аялдар жана оорулуулар бар. Мындан ары дагы тыкыр текшерүүдөн кийин соттолгон кыргызстандыктарды бошотуу боюнча маселе каралат”, — деди Байтерек.

Белгилей кетсек, буга чейин Жапаров майда кылмыш кылып же адилетсиз өкүм менен камалып кеткен жана балалуу аялдарга ырайым берилерин айткан эле.  Ал эми уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, киши өлтүргөндөр жана бир нече ирет кайталап кылмыш кылгандар жазасын толук өтөшү керектигин белгилеген.

Ырайымдуулук жекече аныкталган адамга карата КР президенти тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Эгерде ырайым кылуу өтүнүчү четке кагылса, президент расмий чечим чыгарат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз