Уюлдук байланыш арзандайт

0

Вице-премьер Равшан Сабиров байланыш операторлорунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, анда телекоммуникация тармагын өнүктүрүү маселеси каралганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Сабировдун айтымында, телекоммуникациялык технологиялар экономикалык өнүгүүнүн негизги драйвери болуп саналат жана байланыш операторлорунун кызматтарынын сапаттуу өнүгүшү телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талаптын жогорулашынын фонунда өзгөчө мааниге ээ.

«Бүгүнкү күндө интернет жана байланыш жарандардын да, жалпы өлкөнүн да жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биз тармактын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурушубуз керек, анын ичинде бүткүл республика боюнча телекоммуникация кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү, ошондой эле бешинчи муундагы (5G) уюлдук байланышты жайылтуу шарт», — деди вице-премьер.

Кеңешмеде өкмөт тарабынан ар кандай байланыш операторлорунун (интерконнект) ортосундагы туташуу үчүн тарифтик ставканы төмөндөтүү ырааттуулугу аныкталгандыгы белгиленди. 3,5 сом болгон тариф 2021-жылдан баштап 1 сомго чейин төмөндөйт.

Жыйындын жүрүшүндө телекоммуникация тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, тармактык компаниялардын өкүлдөрү чечүүнү талап кылган бир катар маселелерди көтөрүштү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз