Пятница, 26 апреля

Ошто 1-класстын окуучулары мектепке бара башташат

0

Ош шаарында 30-ноябрдан тарта 1-класстын окуучулары мектептерге бара башташат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Кечээ, 20-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында вице-мэр Эмил Шадыхановдун башчылыгы алдында шаардык жарандык коргонуунун штабынын жыйыны болуп өтүп, анда 1-класстын окуучуларынын мектепке келип окуу маселеси каралган.

Жыйында Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координатору Кыялбек Ташполотов, шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү шаардагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө маалымат беришкен. Статистикалык маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал турукташкан.

Жыйындын соңунда штаб, 1-класстын окуучуларына мектепке баруусуна уруксат берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз