Четверг, 25 апреля

Кыргызстанга Германиядан дарыгерлер тобу келди

0

Кечээ, 26-ноябрда Германиядан Бишкекке эксперт-дарыгерлердин тобу келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Алар Кыргызстанга өлкө лабораторияларында COVID-19ду диагностика кылууга жардам берүү үчүн келген. Германиялык дарыгерлер Кыргызстанда 30-ноябрга чейин болушат.

“Германиялык эксперт-дарыгерлердин катарында Шарите (Берлин) клиникасынын Медициналык университетинин, Е.И.Марциновский атындагы медициналык паразитология, тропикалык оорулар институтунун, Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун өкүлдөрү бар”, — деп билдирет министрлик.

Германиядан келген дарыгерлер саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен жолугушуп, КР Саламаттык сактоо министрлигине 150 миң ПЧР-тест өткөрүп беришкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз