Пятница, 19 апреля

Орус тилинин расмий макамын алып салуу сунушуна Мамдумадан жооп беришти

0

Думанын вице-спикери Игорь Лебедев Кыргызстандагы Конституциялык кеңешменин жыйынындагы орус тилинин расмий макамын алып салуу сунушу боюнча өз пикири менен НСН телеканалынын эфиринен бөлүштү.

“Кыргызстандын мындай аракети таң калыштуу эмес. Баштагы бүтүндөй Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдүн баары муну жасашкан. Мурдагы совет республикаларынын Орусиядан алыстап баратышы жылдан-жылга көбүрөөк байкалууда” – дейт Лебедев.

Вице-спикер: “Советтер Союзуна кирген өлкөлөр Евробиримдигине кирбегени менен көздөрү ошол жакта. Калк мындай башталгычты колдойт жана Молдовиядагы сыяктуу европачыл талапкерлерге добуш берет. Орто Азияда да дал ушундай көрүнүштүн болуп жаткандыгы таң калыштуу эмес” – деп кошумчалады депутат.

Эгер Кыргызстанда орус тилинин расмий макамы алына турган болсо, Москва тараптан бир гана реакция болушу мүмкүн. Ал Кыргызстанда жашаган орус жарандарын колдоону улантуу. “Аларга Орусияга келүүсүн же болбосо көчүп келүүсүн сунушташыбыз керек. Эгерде көчүп келүүнү каалагандар болсо сыртыбызды бурбастан, аларга жарандык алуу боюнча жардам көрсөтүшүбүз керек. Жардам колун узатуубуз зарыл” – деди Лебедев. Мындан сырткары ал мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан орус тили мамлекеттик тил деңгээлинде сакталган мамлекеттердин акыркыларынан бири болгондугун айтып өттү.

Эскерте кетсек, 26-ноябрдагы Конституциялык кеңешменин кезектеги жыйынында мүчөлөрдүн бири Садирдин Төралиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн расмий тилди алып салууну сунуштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз