Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 377 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 100 адамдан, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 127, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда 30 кишиден табылган.
Ошол эле учурда 402 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 122, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 75, Ош облусунда – 44, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 48, Баткен облусунда 49 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болгон: Бишкекте – 4 адам, Нарын облусунда – 1 киши.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 71 миң 548 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 62 миң 946 киши айыгып чыкса, 1 миң 256 адам каза болду.