Пятница, 17 мая

“Каркыра” чек ара бекети убактылуу жабылды

0

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра»чек ара бекети 30-ноябрь күнү, саат 18:00дөн тартып 1-мартка чейин жабылды. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады. Буга аба-ырайынын кескин начарлашы себеп болду, мындан тышкары тараптар чек ара бекетинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында анын ишин убактылуу токтотууну чечкен.

«Каркыра» чек ара бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунун аймагында жайгашкан. Чек ара бекети автоунаалар жана жөө адамдар өтүүсүнө ыңгайлашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз