Пятница, 17 мая

Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 6-февралга чейин узартылды

0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдунүй камагындагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагы 2021-жылдын 6-февралына чейин узартылды.

«Сотто мен Курсан Асанов борбордон сырткары жакка чыгышы керектигин айттым. Бирок сот мындай ыйгарым укуктарга Ички иштер министрлиги ээ экендигин айтты. Ал эми министрлик жоопкерчиликти сотко өткөрүп жатат», – деди Чынара Жакупбекова.

Эске салсак, Курсан Асановго эки кылмыш иши козголгон. Асанов Кой-Таш айылындагы окуяларда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, ошондой эле парламенттик шайлоодон кийинки окуяларда массалык башаламандык уюштурууга катышкан деп айыпталууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз