Пятница, 17 мая

Райым Матраимов атайын эсепке 646 млн сом которду

0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Финансы министрлигинин экономикалык мунапыс үчүн ачылган бирдиктүү депозитине 646 миллион сом которду. Бул тууралуу мамлекеттик казынанын жетекчисинин орун басары Мирлан Шабданов билдирди.

Анын сөзүн Финансы министрлигинин маалымат кызматынан дагы тастыкташты.

“Бирдиктүү депозитке жалпысынан 667 миллион сом келип түштү. Укуку коргоо органдары анын 661 миллиону кызматтык, экономикалык кылмыштардан түшкөн каражат экенин маалымдады. Анын ичинен 646 миллион сому Райым Матраимовдон келген”, — деди адис.

Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз