Пятница, 22 ноября

Талант Мамытов кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

0

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Мамытов “Түпкүлүктүү кыргыз элинин басып өткөн жолун, карт тарыхын сактаган эпосубуз — улутубуздун нарк-насилин, салт санаасын, үрп-адатын, терең маданиятын жана жашоо образын бүтүндөй камтыган кайталангыс руханий кенчибиз. Улуу өнөрдү туу туткан манасчылар, кадырлуу калк жакшылары — даанышман окумуштуулар калтырган таберик мурасты аздектеп, ага таазим кылабыз. Кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы — „Манас“ эпосунун үчилтигин сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого, келечек муундарга жеткирүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз”, — деди.

2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз