Ош шаарында бүгүндөн баштап ИИМдин кайгуул кызматынын жана ЖКККБнын кызматкерлеринен турган патрулдук милиция ишин баштады. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди. Анын билдирүүсүнө ылайык учурда шаарда 11 көчмө топ жана 30 жөө кайгуул кызматкери эки мөөнөттө иштеп жатышат.
«Кайгуул кызматынын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугу менен катар эле коомдук коопсуздукка да көзөмөл кылышат. Бир көчмө топто экиден кызматкер камтылган. Күнү-түнү иш алып барышат», — деди ал.
Ош шаарына жол кайгуул кызматын киргизүү ИИМди, анын ичинде ЖКККБны реформалоо долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Бул үчүн быйыл август-сентябрь айларында 130 талапкер атайын сынактан өтүп, ИИМдин окуу борборунда кесиптик даярдыктан өтүшкөн.
Патрулдук милиция 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаа — Бишкекте киргизилген.