Пятница, 17 мая

Сутка ичинде коронавирус 295 адамдан табылды

0

Кыргызстанда 8-декабрга карата коронавирус жуккан жаңы 295 учур катталды. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Акыркы сутка ичинде Бишкекте коронавирус 68 адамдан, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 87, Ош облусунда – 13, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 56, Жалал-Абад облусунда – 34, Баткен облусунда 15 кишиден табылган.

Ал эми акыркы сутка ичинде 473 бейтап илдеттин сакайып чыккан.

Бишкекте – 126, Ош шаарында – 22, Чүй облусунда – 118, Ош облусунда – 44, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 68, Баткен облусунда 34 киши.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Бишкек шаарында — 3, Ош облусунда — 1.

Учурда стационарларда коронавирустан 2 миң 426 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 256 бейтап дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 75 миң 690 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 67 миң 873 киши айыгып чыкса, 1 миң 301 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз