Пятница, 17 мая

БШК дагы бир талапкердин кол топтоо баракчасын жараксыз деп тапты

0

БШКнын жумушчу тобунун мүчөлөрү президенттикке талапкер Кубанычбек Токтосуновдун кол топтоо баракчаларын жараксыз деп тапты. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Маалыматтарга ылайык, президенттикке талапкер Кубанычбек Токтосунов  жалпысынан 30 106 кол тамга тапшырган, анын миңден ашууну жараксыз деп табылган. Ошентип, аны колдогон адамдардын кол тамгалары азайып, 30 миңге жетпей калды.

Учурда президенттик шайлоого катышуу үчүн 18 талапкер жарышууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз