Пятница, 17 мая

Эрдоган өзүнүн симфониялык оркестрине жаңы имарат белек кылды (Фото)

0

Үстүбүздөгү жылдын 3-4-5 декабрь күндөрү дүйнөдөгү тамыры кеңир жайылган оркестрлардын бири болгон Түркиянын Президенттик симфониялык оркестри аземдүү гала-концертин жаңы салынган имаратында өткөрдү. Бул тууралуу Түркия элчилиги кабарлады.

Президенттик симфониялык оркестринин Түркиянын борбору Анкара шаарында салынган жаңы имаратынынын салтанаттуу ачылыш аземи, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган жана Маданият жана Туризм Министри Мехмет Нури Эрсойдун катышуусу менен болуп өттү.

Жаңы имаратта 2023 орундуу чоң концерттик зал, 500 орундуу кичине концерттик зал жана 10 миң кишилик ачык асман концерттик аянты, муну менен биргеликте президенттик симфониялык оркестр музейи орун алган.

Ачылыш аземине Түркия Республикасынын  Маданият жана Туризм Министринин өзгөчө коноктору, ырчылар, журналисттер, чет элдик жана жергиликтүү коноктор да катышышты.

Президенттик  симфониялык оркестринин “Чоң зал”, “Көк зал”, жана “Тарыхый Президенттик  симфониялык оркестр залы” баш болгон маданият искусство борбору  музыкадан салттуу музыкага, дүйнө музыкасынан популярдуу музыкага, ошондой эле  чыгармалары менен дүйнөнүн бардык искусство сүйүүчүлөрүнө жылы бою эшиги ачык болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз