Воскресенье, 19 мая

Ташкентте узундугу 35 метрге жеткен рекорддук хот-дог даярдалат

0

Ташкентте эртең, 12-декабрда “Tashkent City” паркында узундугу 35 метрге жеткен рекорддук хот-дог даярдалат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Бул иш-чарадан түшкөн каражат “Эзгу амал” кайрымдуулук фондунун эсептик счетуна жиберилет.

“Эзгу амал” бул Өзбекстандагы ыктыярчылар тарабынан түзүлгөн расмий кайрымдуулук фонду. Фонд медициналык жардамга муктаж болгон онкологиялык жана оор абалдагы балдарга жардам берет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз