Пятница, 22 ноября

Борбор калаада  Айтматовдун IV Ыссык-Көл форуму өттү (Фото)

0

Бүгүн Бишкектеги Хаят  мейманканасында Чыңгыз Айтматовдун IV Ыссык-Көл форуму өттү.

Бул иш-чарага Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат, Айтматовдун Ыссык-Көл форуму проектисинин координатору Өмер Эрдоган жана башка жергиликтүү коноктор да катышты.

Форум пандемиянын шарттарына ылайык уюштурулгандыктан Түркиядан Маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпарслан, Түркия парламентинин эл өкүлү Асуман Эрдоган: Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев сыяктуу өкүлдөр кечеге онлайн форматта катышышты.

Эскерте кетсек,  “Айтматов шеринеси”деген ат менен да таанымал Айтматовдун IV Ыссык-Көл форумунун экинчи бөлүгү болсо, кийинки жылы 9-10-июнда Анкарада өткөрүлөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз