Воскресенье, 19 мая

Кыргызстанда референдум президенттик шайлоо менен кошо өткөрүлөт

0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.

Референдумга Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

— президенттик республика;

— парламенттик республика;

— бардык варианттарга каршы.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз