Пятница, 22 ноября

Вашингтондогу демонстрация учурунда карама-каршы топтор кагылышты

0

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) шайлоодо утулуп калган президент Дональд Трампты колдогон топ менен карама-каршы топтордун кагылышында 5 адам жаракат алып, ондогон адамдар кармалды.

12-декабрда, кечинде АКШнын көптөгөн шаарларында, айрыкча борбор шаар Вашингтондо Трамптын шайлоодогу «манипуляция» айыптоосун колдогон демонстрациялар болду.

Дональд Трампты жактаган топтор 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо демократ Жо Байден жеңгени тууралуу жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылышты.Трамптын жактоочулары жана башка топтор маал-маалы менен көчөлөрдө бетме-бет келип турушту.

Вашингтондогу демонстрация учурунда 4 адам бычакталып, 23 адам камакка алынган.

Экинчи жагынан, Вашингтон штатындагы Олимпия шаарындагы нааразычылык акциясында бир адам ок тийип жаракат алган.

Окуя боюнча 4 адам кармалган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз