Воскресенье, 19 мая

Орусияда негизги азык-түлүк товарларынын баасы жогорулады

0

Орусиянын Президенти Владимир Путин өлкөдө кант, күн карама майы жана жер-жемиш сыяктуу негизги азык-түлүк товарларына болгон баалардын жогорулашына баа берди.

Мамлекеттик кызматкерлер менен болгон жолугушууда Путин, калктын колдо болгон чыныгы кирешесинин 4,3 пайызга төмөндөгөнүн баса белгилеп, бийликтен тезинен бул иш боюнча чара көрүүсүн талап кылды.

Орусиянын Башкы прокуратурасы баалардын көтөрүлүшүн иликтөөдө шекердин баасы 71,5 пайызга, күн карама майы 23,8 пайызга жана ундун баасы 12,9 пайызга көтөрүлгөнүн жарыялады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз