Пятница, 26 апреля

Паспортко “улуту” графасы кайрадан киргизилди

0

Кыргызстандыктардын паспортуна (ID-карта) «улуту» деген графа киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тийиштүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду.

Бул кадам Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында жасалганы айтылат.

«Конституциялык палата паспортко «этностук таандык» графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы КР өкмөтүнүн токтому менен бекитилген чечим Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле ар бир адамдын өзүнүн улутун көрсөтүү боюнча укугу тебеленди деп билдирген», — деп айтылат кабарда.

Эми Кыргызстандын жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат.

Эске салсак, Кыргызстанда 2017-жылкы үлгүдөгү паспортто жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашоо дареги электрондук форматка өткөрүлгөн. Паспортту чип аркылуу окуганда бардык маалымат толугу менен чыкчу. Бирок мындан эки ай мурда, өлкөдө бийлик алмашкан соң паспортко «улуту» деген графаны кайрадан киргизүү чечими кабыл алынган.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз