Суббота, 27 апреля

Түркиянын Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы болуп өттү

0

Кечээ, 14-декабрда Түркиянын Анкара шаарында залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Эскерүү иш-чарасы мындан бир жыл мурда 12-декабрда улуу жазуучунун туулган күнүнө карата тургузулган айкелинин жанында, «Чынгыз Айтматов» атындагы сейил бакта болду.

Кыргыз элинин чыгаан уулун эскерүү үчүн Түркия Республикасынын Президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Анкарадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилер, Анкара шаарынын муниципалитеттеринин башчылары, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, бизнес структуралардын өкүлдөрү, студенттер, ММКнын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Иш чарада Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок, Түркия Президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев сөз сүйлөштү.

Элчи К.Өмүралиев өз сөзүндө мындан бир жыл мурда ушул жерде Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи өткөнүн, тургузулган айкел түрк элинин Айтматовго болгон сый-урматынын бир далили экендигин белгиледи.

Элчи К.Өмүралиев дүйнөдѳ китептери эӊ көп окулган жазуучулардын бири болуп саналган Чыӊгыз Айтматов тирүү кезинде эле 20-кылымдын адабиятынын классиги деп аталганын айтып, анын негизги осуяттарынын бирине “Өз мекенин сүйүү жана элине берилгендикке” кѳӊүл бурду.

Түркия Президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу өз сөзүндө жазуучунун чыгармаларында көтөрүлгөн көйгөйлөргө, айрыкча “маңкуртчулук” түшүнүгүнүн маанисине токтолуп, Айтматовдун идеялары келечек муундар үчүн эбегейсиз мурас экендигин белгиледи. Ошондой эле ал Айтматов кыргыз элинин адабиятында гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүндө эң маанилүү инсан экендигин баса белгиледи.

Иш чаранын алкагында жазуучунун эстелигине гүл коюу аземи өттү.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз