Шайлоочулар коллегиясы Жо Байденди АКШнын президенттигине тандады.
Шайлоочулар Байденге — 306, ал эми Трампка – 232 добуш беришкен. Жеңиш үчүн 270 добуш алуу керек болчу.
Шайлоо коллегиясынын добуш берүүсү жыйынтыктаган соң Жо Байден Америкада элдин эрки жеңгендигин жарыялады. Ал: “Америкада дагы бир жолу мыйзамдуулук, биздин конституция жана элдин эрки жеңди” – деди.
Жаңы президенттин ант берүү аземи 20-декабрда өтөт.