Түркиянын Конья шаарында Шеб-и-Аруз фестивалы өтүүдө. Бул жылы улуу Мевлананын 747 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы пандемия шартында бир канча чектөөлөрдү кабыл алуу менен өткөрүлүүдө.
Конья губернаторлугу жана туризм директорлугунун өкүлү Абдүсеттар Йарардын айтуусу боюнча фестиваль жылда мүрзө зыяратынан башталып,конференция, түрдүү сахна программалары менен коштолчу. Бул жылы коронавируска байланыштуу демейдегиден айырмаланып саякаттар чектелип, жабык жерде өтүүчү конференциялар саны чектелүү болгон катышуучулар менен өткөрүлүүдө.
Шеб-и-Аруз фестивалына катышууну каалоочулар www.sebiarus.gov.tr сайтынан онлайн катыша алат.
#GoTurkey
#OnlyInTurkey
#SebiArus
#Konya