Пятница, 17 мая

«Иегованын күбөлөрү» уюмунун пенсия жашындагы өкүлү 6 жылга соттолду

0

Новосибирскийдин соту «Иегованын күбөлөрү» (Орусияда тыюу салынган) өкүлү Юрий Савелевди алты жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

 

66-жаштагы пенсионерге экстремисттик уюм түзгөн деп күнөө коюлган. Орусиянын тергөө комитетинин билдирүүсундө Савельев жалпы режим колониясында жаза мөөнөтүн өтөйт.

Буга чейин прокурор Савелевди 8 жылга эркинен ажыратууну соттон талап кылган болчу. Бул «Иегованын күбөлөрүнө» берилүучү эң жогорку жаза өтөө мөөнөтү болмок.

 

Иликтөө материалына караганда Савельев Новосибирскийде Ленин районунда, өзүнүн квартирасында 2017-жылдын июнь айынан 2018-жылдын сентябрь айлары аралыгында экстремисттик адабияттарды талкуулоону, окууну камтыган диний жыйындарды уюштурган, видеоматериалдарды жайылткан жана диний ырым-жырымдарды өткөргөн.

Савельевдин өнөктөштөрү кабарлагандай, 2018-жылы Орусиянын Жогорку соту бул уюмду жоюп салгандан кийин, пенсионердин квартирасына аларга «Иегованын күбөлөрү» жиберген маалыматтарды камерага тартып алуу үчүн видеобайкоо орнотушкан.

 

2018-жылы ноябрь айында Савельев камакка алынып, ошол убакыттан бери СИЗОдо отурган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз