Воскресенье, 19 мая

Ошто тез жардам унаасын өндүрүүчү завод  иштеп баштайт

0

Ош шаарындагы жеке менчик ишкана ай сайын 30 тез жардам унаасын чыгарууну пландап жатат.

Кечээ, 18-декабрда, вице-премьер Равшан Сабиров Ош калаасына барып, бир катар өндүрүштүк ишканаларды кыдырган.

Ал машина куруу заводу жана «Кең-Сай» конушундагы текстиль фабрикасынын курулушу менен таанышкан.

Заводдун директору Абдуманап Кудайбердиев азыркы тапта «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унааны Тез жардам кызматына ылайыкташтырып чогултуп жатышканын билдирген.

«Күн сайын бирден машина жасалат. Бизге унаанын кузов менен шассиси гана чет жаткан келет, калган бөлүгүн өзүбүз чыгарабыз. Бул «В» классындагы автоунаа. Ага өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратын орнотуп туруп, реанимобиль деп атап койсо да болот. Бизге азыр буюртмалар келип түшө баштады. Мындан сырткары, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын чыгаруунүн үстүндө иштеп жатабыз. Үлгү катары Орусиядан бир аппарат алып келинген. Аны менен катар көчмө рентген аппаратын өндүрүү планыбыз бар», — деди заводдун директору Кудайбердиев.

Ошондой эле ал бул заводдон алдыда электроавтобустар дагы чыгарыла турганын кошумчалады.

Өз кезегинде вице-премьер мамлекет тарабынан өндүрүштүк ишканаларга көңүл бурулуп, колдоого алынарына ишендирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз