Воскресенье, 29 сентября

АКШ Орусияга жаңы санкция жарыялады

0

АКШнын соода департаменти Орусияга каршы жаңы санкция киргизди. Бул тууралуу орус басылмасы РИА Новости жазып чыкты.

Чектөө чаралары Орусиялык “Космос Комплект” жана “Совтест Комп” компанияларына, ошондой эле Орусиянын жараны Ильяс Сабировго киргизилген.

Кеңейтилген тизмеге Кытай, Пакистан, Мальта, БАЭ, жана бир канча Европа өлкөлөрүнүн 60 юридикалык жана жеке жактары киргизилген. Жалпысынан тизмеге 78 жак камтылган. Жаңы чектөөлөрдү иш-аракети “АКШнын улуттук коопсуздугуна же болбосо анын эл аралык саясатындагы кызыкчылыгына” каршы келген тараптарга киргизилгендигин айтышты.

Эскерте кетсек, 14-декабрда АКШ Орусиядан курал-жарак сатып алып жаткан өлкөлөргө санкция сала тургандыгын айтып коркуткан болчу. Ошентип, алар Орусиянын аскердик техникасын сатып алуудан алыс болушу керектигин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз