Вторник, 7 мая

Соцфонд. Пенсия убагында төлөнбөй калышы мүмкүн

0

Январь айында пенсия төлөөгө каражат жетпей калуу кооптуулугу бар. Бул туурасында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева парламенттин жыйынында билдирди.

«Биз Социалдык фонддогу чыгашаларды оптимизациялоону сунуштап жатабыз. 2019-жылы 47 миң жаран пенсияга чыкты. Алардын жарымы жашына жетпей эле чыкты. Муну кайра карап чыгышыбыз керек. Болбосо пенсионерлердин саны көбөйө берет», — деди Жуматаева.

2019-жылдын эсеби боюнча Кыргызстанда 651 миң пенсионер бар. 2020-жылы социалдык төлөмдөр кыскарып кеткендиктен, камсыздандыруу төлөмү 2 миллиард 700 миллион сомго азайган.

«Мындай кыскаруу пенсияны убагында бере албай калуу коркунучуна кептейт. Салык кызматынан төлөмдөрдү башкарууну жакшыртууну суранып жатабыз», деди Жуматаева. Ал ошондой эле 2021-жылдын январь айында пенсиялык төлөмдөрдү убагында бере албай калышса, Финансы министрлигинен колдоо сурашарын да кошумчалады.

Социалдык фондго төлөмдөр 2020-жылдагы пандемиядан улам келип чыккан экономикалык каатчылыктын айынан кыскарганы айтылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз