Воскресенье, 29 сентября

Азирети Мевлананы эскерүү иш-чарасы аяктады (Видео)

0

Азирети Мевлананын 747- жылдыгын эскерүү иш-чарасынын алкагында Коньядагы Мевлана маданият борборунда Мевлеви Мукабеле-и Шериф (Мевлеви жөрөлгөсү) программасы аяктады. Пандемияга байланыштуу бир сааттык убакыт чектөөсү менен өткөрүлгөн иш-чарага Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Конья губернатору Вахдеттин Өзкан жана 35 чет элдик медиа өкүлдөрү да катышты.

1207-жылдын 30-сентябрында Балхта Хорасан шаарында төрөлгөн Мевлана 1273-жылы 17-декабрда Коньяда көз жумган. Мевлана өлүмдү күнүн кайра жаралуу, сүйүү, башкача айтканда Аллах  менен жолугушуу деп эсептеген.

Өлгөн күнүн «үлпөт түнү» деген маанини туюндурган «Шеб-и Арус» деп атагандыктан Мевляна каза болгон күн «Шеб-и Арус» деп кабыл алынган. Мевлананын өлгөн күнүндө «Вуслат» (сүйүктүүң менен жолугушуу) аземдери өткөрүлүп келет. Быйыл өткөрүлгөн Азирети Мевлананын 747-Вуслат Эл аралык эскерүү аземдери Мевлана музейинде анын саркофагынын башында Гүлбанк сыйынуусу менен башталды. Андан соң «айлануу» (сема) аземи Мевлана маданият борборунда өткөрүлдү. 

Мевлана Желаледдин Руми 1937-жылдан бери жыл сайын Коньяда “Шеб-и Арус” аземдеринен алкагында эскерилип келет. “Шеби-и Арус” аземдеринин 83-жылы ушул жылы Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен ишке ашты. Быйыл дүйнөгө таанымал суфий акын жана окумуштуунун каза болгонуна 747 жыл толду. Салтанаттуу иш-чаралар социалдык тармактарда жана теле каналдарда түз эфирде көрсөтүлдү.

 Мевлана өлүмдү, кишинин чыныгы өзүнө келүүсү, анткени  анын булагы жараткандын асыл ташы “Аллахка кайтып баруу” деп чечмелейт, өлүм ал үчүн денин жоголушу эмес, түз Аллахка сапар алуусу. Румини эскерүү жыл сайын 17-декабрга туура келген жумаларда өткөрүлгөн жана Вуслат Эл аралык эскерүү аземдери аталышындагы салтанаттар «Шеб-и Арус» деп да аталат. ЮНЕСКО Мевлананын 800 жылдыгы болгон 2007-жылды «Эл аралык Мевлана жылы» деп жарыялаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз