Четверг, 2 мая

Президенттин м.а. Талант Мамытов Камбар-Ата ГЭС-2нин иши менен таанышты

0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Жалал-Абад облусуна иш сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи блогун ишке киргизүү долбоору менен таанышты.

Ал маалымдагандай, Кыргызстанда Нарын дарыясы электр энергиянын негизги булагы болуп саналат.Экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү үчүн инвестицияларды издөөнүн натыйжасында Евразия Өнүктүрүү Банкы, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондусу менен жеңилдетилген насыяларды тартуу боюнча келишим түзүлдү.

«Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи сууагрегатын ишке киргизүү» долбоору 120 МВт кубаттуулуктагы станциянын экинчи сууагрегатын ишке киргизүүнү, ошондой эле 500 кВт ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү курууну камтыйт. Президенттин м.а Талант Мамытов плотина жана машиналык цехти көрүп чыкты, ошондой эле Камбар-Ата-2 ГЭСинин иши жана курулуш иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат менен таанышты. Мамытов республикада электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу калган агрегаттарды тезирээк ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.

«Бизнестин жана калктын электр энергиясына болгон муктаждыгы жыл сайын туруктуу өсүүдө, ошол эле учурда биз колдо болгон энергетикалык ресурстардын ондон бир бөлүгүн гана пайдаланабыз. Ошондуктан ГЭСтин кубаттуулугун жогорулатып, көбүрөөк энергия иштеп чыгуу керек», — деп билдирди Талант Мамытов.Президенттин м.а куруучулар жана энергетиктерди мамлекет бул ири долбоорду ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтөт деп ишендирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз