Пятница, 22 ноября

АКШ Орусиядагы эки башкы консулдугун жабат

0

АКШнын өкмөтү Орусиядагы АКШнын эки башкы консулдуктарын жабуу тууралуу пикирин Конгресске билдирди.

Өкмөт 10-декабрда конгрессмендерди АКШнын Владивостоктогу башкы консулдугун толугу менен жаба тургандыгын жана Екатеринбургдагы дипломатиялык өкүлүнүн ишин токтотуу боюнча кабарландырган болчу.

Консулдуктардын жабылуусу, Орусиянын 2017-жылдагы Американын дипломатиялык миссияларын аткаруучу кызматкерлердин санына чектөө киргизүүсүнө байланыштуу кабыл алынган.

Консулдуктардын жабылуусунан кийин АКШнын Орусиядагы жалгыз дипломатиялык кызмат көрсөтүүчү мекемеси болуп Москвадагы элчилиги калат.

Белгилей кетсек, АКШ Сиэтлдагы орус консулдугун жабууга буйрук бергенден кийин 2018-жылы Орусия АКШнын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугун жаап салган болчу.

Владивосток жана Екатеринбургдагы консулдукта 33 жергиликтүү кызматкер иштейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз