Коньядагы Мевлана маданият борборунда азирети Мевлананын 747-жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Эскерүү иш-чарасына чет өлкөлүк медиа өкүлдөрү да катышышты.
Мевлана Желаледдин Руми 1207-жылы азыркы Ооганстандын Балх шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы азан чакырып койгон аты -Мухаммед Желаледдин. Шейхтердин, мусулман аалымдарынын титулуна айланган Мевлана деген ысым ага кийинчерээк ыйгарылган. Араб тилинен алынгын бул сөз «эгебиз», «кожоюнубуз» дегенди билдирет. Ал эми ошол учурда чыгарма жазган мартабалуу адамдар өз мекенин псевдоним катары пайдалангандыгына байланыштуу Мухаммед Желаледдин шарттуу түрдө Руми деген кошумча атка ээ болгон. Башкача айтканда, өзгө элдер Мевлана жашап өткөн бүгүнкү Анадолу чөлкөмүн ал кезде Рум жергеси деп аташчу.
Желаледдин Руми бала кезинен тартып эле төрөлүп-өскөн Борбордук Азия аймагындагы фарсий жана түркий элдердин уламыш, дастан, жөө жомок өңдүү оозеки чыгармаларын кан-жанына сиңирип, грек философиясы менен диний китептерди көп окуган.
Ал өз чыгармаларында Курандагы окуяларды колдонгон жана анын аяттарына кайрылган. Чыгармаларында , адамзаттын өсүп-өнүгүүсү, алардын өз ара мамилелери тууралуу, балдарды, жалпы эле адамдарды тарбиялоого таасир этүүчү терең насааттар толтура.
Улуу ойчул Мевляна: “Жакшы адам — башка адамдарга же жалпы адамзатка пайдасы тийген адам” — деп айтып, гумандуулукка чакырган.
Мевлананын жалпыга маалым болгон «Месневи-и Маневи», «Диван-ы Шамс-и Табризи», «Фихи Ма Фих», «Межалис-и Себа» жана «Мекатиб» аттуу чыгармалары бар.