Вторник, 7 мая

Парламент экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоорун кайра карайт

0

 Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитети бүгүн, 22-декабрда «Экономикалык мунапыс маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карайт.

Комитеттин отурумуна депутаттардан тышкары Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, баш прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, юстиция министри Марат Жаманкулов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, экономика министри Санжар Муканбетов, салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев жана финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев чакырылган.

Мыйзам долбоорунда Жазык кодексинин алты беренеси боюнча айыбын мойнуна алып, мамлекетке келтирген зыянын төлөп, мүлкүн декларациялаган жарандарды жазадан бошотуу каралган.

Жогорку Кеңеш 5-ноябрда «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамды кабыл алган. Ага президенттин м.а. Талант Мамытов 9-декабрда кол койгон.

Мыйзамдын оппоненттери ал коррупционерлердин, олигархтардын кызыкчылыгы үчүн иштей турганын айтып чыгышкан. 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз