Четверг, 2 мая

“Коопсуз шаардан” да акча уурдалган

0

Өкмөт «Коопсуз шаардын» биринчи этабын ишке ашырган «Концерн радиостроения Вега» компаниясы өз ишин мөөнөтүнөн кечигип бүтүргөнү үчүн салынган 20,1 миллион сом айып пулду кечип салганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет өткөргөн тендердин жеңүүчүсү деп орусиялык «Вега» концерни табылып, 2018-жылы комитеттин ошол кездеги жетекчиси Бакыт Шаршембиев ишкананын башкы директору Сергей Калмыков менен макулдашуу кабыл алган болчу.

Учурда башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз