Воскресенье, 19 мая

Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

0

Кечээ, 21-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Фыратты кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар министр Казакбаевдин 2020-жылдын 9-11-ноябрында Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын жыйынтыктарын талкуулашты.

Министр белгилегендей, иш сапар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы көптөгөн маселелер боюнча күн тартипти жаңылап, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк бергенин белгиледи.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Фырат түрк тараптын терең кызыгуусун тастыктап, саясий, соода-экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө жигердүү кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүү керектигин, ал үчүн Кыргызстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн Түркиянын чечкиндүүлүгүн белгиледи.

Мындан сырткары түрк тарап саламаттыкты сактоо жаатында Кыргызстан менен кызматташууну улантаарын жана боордош кыргыз элине COVID-19 пандемиясына каршы керектүү жардамын берүүгө даяр экендигин, тактап айтканда, элчиТүркиянын координация жана кызматташуу агентствосу (ТИКА) Кыргызстандын аймактарында бейтапканалардын ачылышы, оңдолушу жана техникалык камсыз кылынуусу боюнча долбоорду ишке ашырууга даяр экендигин белгиледи.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, эки өлкөнүн кызыкчылыктарына шайкеш келген долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз