Транзиттик жүк ташуучу айдоочулар, “Эркештам” өткөрүү бекетинде кытай тарап орноткон 3 ренгенден текшерүүдөн өтүшөт. Ал нур менен иштегендиктен, адамдын ден-соолугуна зыян алып келет. Ошондуктан, Кыргызстандын расмий бийлиги Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал ренгендин бирин же экөөн алдырып берүүсүн өтүнүш керек.
Мындай маалыматты “Айдоочу” коомунун төрагасы Надыр Токторов билдирип, айдоочулардын атынан Өкмөт башчыга, ЖК төрагасына атайын кат жолдошконун айтты.
“Кытай чек арасына барганда бир күндө 3 жолу ренгенден өтөбүз. Киргенде да, чыкканда да текшериле берип, айдоочулардын ден-соолугуна зыянын тийгизип жатат. Мурда экөө болчу, 2 айдан ашык убакттан бери үчүнчүсү иштеп жатат. Буга кыргызстандык айдоочулар нааразызычылыгын билдиришүүдө. Ушул маселени Өкмөттүк деңгээлде чечип берсин деп жатабыз”,-деди Токторов.
Белгилей кетсек, 2018-жылы Кыргызстанга тикелей инвестициялардын көлөмү 31 пайызга кыскарды. Тагыраагы, мурдагы жылы инвестициялар 503 миллион долларга жеткен болсо, былтыр бул сумма болгону 345 миллионду түздү.
Мунун ичинен Кытайдан келген инвестиция эки эсе кыскарган. 2017-жылы кытайлык ишкерлер Кыргызстанга 300 млн. доллардай акча салса, өткөн жылы болгону 125 миллион доллар алып келишкен.