Понедельник, 13 мая

С. Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Президентинин кызматына киришкени менен куттуктады

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта, Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын Президентинин кызматына киришкени менен куттуктады. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.
“Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелер биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз менен элдерибиздин байгерчилиги жана өнүгүүсү үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”, — деп айтылат Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз