Пятница, 18 октября

Ырчы Димаш Кудайбергенов кыргыз уруусунан экендигин айтты

0

Белгилүү казак ырчысы жана дүйнөгө таанымал мырза Димаш Кудайбергенов өзүн кыргыз уруусунан экенин айтты. Бул тууралуу ал журналисттерге берген маегинде билдирген.

«Мен Кыргызстанга биринчи жолу келдим. Казактарда уруу деген түшүнүк бар. Менин уруум — кыргыз. Кыргызстанда мени жылуу кабыл алышат. Ырларымды баалап уккан дагы көп», — дейт ал.

Ошондой эле, ал Кыргызстан менен Казакстан окшош экендигин да айткан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз