Пятница, 17 мая

Мевлана: туура жолдо жүргөндөр актанууга муктаж эмес

0

Мевлана Желаледдин Руминин 747-жылдыгын эскерүү иш-чарасы Түркияда болуп өттү. Жалпы түрк дүйнөсүнүн акылманы катары белгилүү болгон Мевлана Желаледдин Руми 1207-жылы 30-сентябрда Балхта төрөлүп, 1273-жылы 17-декабрда азыркы Түркиянын аймагындагы Конья шаарында көз жумган. Ошол себептен жыл сайын Коньяда Мевлананы эскерүү иш-чаралары уюштурулуп келет. “Шеби-и Арус” аземдери быйыл да Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен ишке ашты. Быйыл дүйнөгө таанымал суфий акын жана окумуштуунун каза болгонуна 747 жыл толду.

Желаледдин Руми бала кезинен тартып эле төрөлүп-өскөн Борбордук Азия аймагындагы фарсий жана түркий элдердин уламыш, дастан, жөө жомок өңдүү оозеки чыгармаларын кан-жанына сиңирип, грек философиясы менен исламий китептерди көп окуган.

Мевлана өлүмдү кайра жаралуу, башкача айтканда жараткан менен жолугушуу деп эсептеген. Ал өлөөр алдын шакирттерине капа болбоону, ыйлап аза күтпөөнү айткан. Себеби ал өзү өлө турган күндү эң бактылуу күн деп эсептеген. Ал күндү Мевлана “Шеб-и Арус”  (үлпөт түнү) деп атагандыктан, Мевляна каза болгон күн “Шеб-и Арус” деп аталып калган.

Мевлананын жалпыга маалым болгон «Месневи-и Маневи», «Диван-ы Шамс-и Табризи», «Фихи Ма Фих», «Межалис-и Себа» жана «Мекатиб» аттуу чыгармалары бар.

Мевлананын жаш муундарга калтырып кеткен оуяттарынын айрымдары төмөндөгүдөй:

  • Туура жолдо жүргөндөр актанууга муктаж эмес.
  • Дуба кылуу – демек, эшикти кагуу. Калганына кийлигишүү чектен ашкандык.
  • Иттердин достугу – ортолоруна сөөк ыргытылганга чейин.
  • Сабыр – алгач уу болот, бирок кулк-мүнөзүңө айландырсаң – балга айланат.
  • Көңүлүң сүйүүсүн тапса, куураган тал да бүчүр байлайт.
  • Гүлдү күлгөнгө, жүрөгүңдү сүйгөнгө бер.
  • Акыл – козу, напси – карышкыр, а ыйман дегенибиз – чабан. Ыйманың күчтүү болбосо напси акылды жалмап коёт.
  • Ким менен жан жолдош жана дос болгонуңу кара. Булбул – гүлгө, карга – таштандыга алып барат.
  • Жабык жерде да, ачык жерде да кудайдан коркууну, аз тамактанууну, аз сүйлөөнү, каяшаны жана күнөөлөрдү таштоону, орозо кармоону, намаз окууну, даяйыма кумардан алыс болууну, бардык жандуулардан келүүчү жамандыктарга чыдамкай болууну, келесоо жана акмактар менен чогуу отурбоону, жакшы жүрүм-турумга ээ жана оор басырыктуу адамдар менен чогуу болууну силерге мурас катары айтып кетээр элем.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз